Оштогу кейиштүү абалдагы балдар ооруканасы
Новость

ОШ: КЕЙИШТҮҮ АБАЛДАГЫ БАЛДАР ООРУКАНАСЫ

Оштогу балдардын жугуштуу оорулар ооруканасы оңдоп-түзөөгө муктаж. Эскилиги жеткен имаратта жаткан бейтаптар кооптону менен дарыланып чыгышат. Оорукананын имараты көп жылдан бери капиталдык ондоодон өткөн эмес. Тасмада көрүп тургандай, чындыгында абалы начар, бөлмөлөрдүн ичи таза эмес. 

Автордун айтымында, кышкысын суук, ыссык суусу жок, жатта турган керебеттердин эскилиги жеткен, ар кандай курт-кумурскалар чыгып жийиркеничтүү абалда. Депутаттар эгер балдарыңыздар ооруп калса, ушундай ооруканага жаткырат беленер? Бизге окшогон карапайым элге эле кыйын, жаш балдар менен мындай шартты жок жерде жатып, кыйналып жатабыз. Бул кейиштүү абалына ким чара көрүп, ким жооп берет?-деп суроо салды автор.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.