Ош-Сарыташ-Эркештам жолу: канал толуп жолду сел каптоодо
Новость

ОШ-САРЫТАШ-ЭРКЕШТАМ ЖОЛУ : КАНАЛ ТОЛУП ЖОЛДУ СЕЛ КАПТООДО

Ош облусунун Кара-Суу районунун Асан Чек айылындагы Ош-Сарыташ-Эркештам жолунун 7 км де канал толуп, жолду сел басууда. Бул жолдон унаалар тоскоолдуктар менен өтүүдө.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, бул көрүнүш, мындан 2 3 жыл мурун айыл өкмөттүнүн кош көңүл мамилесинен кайталанган. Эмне үчүн бул маселени эртерээк чечишпейт? Эмнени карап отурушат? Айылды бүт сел каптаганда гана ойлонушабы деген автор "Элдик репортердон" жардам сураган.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.