Ат-Башыдагы таштанды төгүүчү жай элге ыңгайсыздык жаратууда
Новость

АТ-БАШЫ: КАРАЛБАГАН ТАШТАНДЫ ТӨГҮҮЧҮ ЖАЙ

Нарын облусунун Ат Башы районунун таштанды төгүүчү жайына бир гана таштанды эмес, мал-жандыктардын өлүктөрүн алып келип ташташат. Күн ысыганда ал жактан жагымсыз жыттар чыгат. 

Автордун айтымында, шаардагы тазалык ишканасы бул жерди такыр карабайт, чымындап, курттап кеткен мал-жандыктарды иттер тытмалап кетишет. Анан кантип оору жукпасын. Эртерээк чара көрүлбөсө ар кандай оорулар чыгат. Эмне үчүн мэрия, санэпидемстанция карашпайт? - деген Ат-Башы районунун тургуну "Элдик репортер" рубрикасына билдирүү жиберген.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.