Артык кылабыз деп, тыртык кылган Оштун тазалык ишканасы
Новость

АРТЫК КЫЛАБЫЗ ДЕП, ТЫРТЫК КЫЛГАН ОШТУН ТАЗАЛЫК ИШКАНАСЫ

Видеодо көрүп тургандай, Ош шаарынын тазалык ишканасынын кызматкерлери таштандыларды тазалабай эле, унаасы менен жол катар чачып бара жатат. Шаар ичин аралаган тазалык ишкананын унаасынан кийин, жолдордогу башаламан таштандылар шаар көркүн бузат. 

Эмне булар артын карабай эле кете беришеби? Мындай көрүнүш биринчи жолу эмес, көнүмүш адатка айланып баратат. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.