Ыңгайсыздык жараткан Акнет ишканасынын унаа токтотуучу жайы
Новость

ЫҢГАЙСЫЗДЫК ЖАРАТКАН УНАА ТОКТОЧУ ЖАЙ

Улуттук илимдер академиясы сактоочу жайын Акнет ишканасына унаа токтотуучу жай катары ижарага бериптир. Ал эми бул унаалардан чыккан газ ошол жерде жашаган тургундардын үйлөрүнүн ичине кирип, ыңгайсыздык жаратып жатыптыр. 

Таң эртеден баштап үйдүн тегереги ушундай көрүнүш, булар газондорду тебелейт, түкүрүп-какырып, сөгүнүп, тынчтык беришпейт. Буларга акча керек болсо, бизге ден соолук керек,- деп ачууланган автор.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.