НООКАТ: СЕЛДЕН АЗАП ЧЕККЕНДЕР
Чындыгында бул видеону көрүп зээниң кээйит экен. Ноокат районунун Тескей Кожеке айылында нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин сел жүрүп, көчөлөрдү, үйлөрдү каптады. Быйыл жаан-чачын көп болгондуктан айыл тургундары 3 жолу кыйынчылыктарды башынан өткөрүшүүдө. Канча жылдан бери селден азап тарткан бул жактын жашоочулары, жергиликтүү бийликке нааразы болушууда.
Бийликтегилер келип сүрөткө, видеого тартып эле кетип калышат. Андан башка эч жыйынтык жок. Айыл өкмөттөн да жардам жок. Жылдан-жылга сел катуу келүүдө. Мындай мурун болгон эмес. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги келип көрүп кетсе жакшы болмок. Бийликтен жардам күтөбүз,-деген окурман.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.