Чек арада тартылган видео боюнча териштирүү өттү
Новость www

POST1RIGHT Баткен районунун Кара-Бак айылындагы тажик чек арачылары менен жергиликтүү тургундар тартылган видео боюнча маселе 20-майда чечилгендигин  Чек ара кызматынын Баткендеги башкармалыгынан билдиришти. 

 Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, 20-майда Кара-Бак айылынын Эски-Мазар аймагында айылдыктар менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда  сарайдын сынган эшигин оңдоого болгон аракет учурунда пикир келишпестиктер жаралган.

 Белгисиз бирөөлөр кыргызстандыктардын шаймандары сакталган сарайдын эшигин талкалап кеткен. Имарат Тажикстандын чек арасына 5-6 метр жакын жерде жайгашкан  тактала элек аймакта  жайгашкан. Бирок, иш жүзүндө  аны  Кыргызстандын жарандары колдонуп келген. Аймакта  чек арачылар менен түшүндүрүү иштери  жүргүзүлдү.