КӨК-ЖАР: АЯЛДАМАНЫН ОРДУ БАР, ӨЗҮ ЖОК
Буга чейин да Көк-Жар конушунун аялдамасы боюнча билдирүү келген. Арадан канча күндөр өтсө дагы, эч өзгөрүү болгон эмес. Көк-Жар конушунун биринчи аялдамасы Иса Ахунбаев көчөсү менен кесилишкен жеринде аялдаманын орду турат ал эми өзү жок. Мынтип турганына көп жыл болгон.
Отургучтары жок, үстү жабылган эмес. Жашы улгайгандар турат автобустар келгичекти күтүп. Азыр күндүн ысыгында жаман экен. Аялдаманын артында бактар тигилген былтыр, ар бири 9 миң сом деп айтышты эле. Ал тигилген бактар ошол бойдон турат, өскөн да жок. Караган эч ким деле жок. №6 автобуста жакшы каттабай жатат. Ушул маселелерди Бишкек шаарынын мэри чечип берсе болот эле,- деген автор "Элдик репортерго" кайрылган.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.