ЖАЛАЛ-АБАД: ООРУКАНАГА КИРЕ АЛБАЙ УБАРА ТАРТКАН БЕЙТАПТАР
"Элдик репортер" рубрикасына Жалал-Абад облусунун тургунунан билдирүү келип түшкөн. Анын айтымында,
Жалал-Абад облусунун ооруканасына кулак, мурун, тамак бөлүмүнө көрүнгөнү келгенбиз, киргизбей жатат. Комиссия келет экен. Тааныш билиштерин алып кирип кетип жатышат. Ал эми таанышы жоктор мына минтип күтүп отурабыз, колубузда жаш балдар менен. Бул жакта кыйналып ооруп жаткандар да турат күтүп. Ушунчаалык кайдыгер мамиле жасаган дарыгерлер өлкөбүздө көбөйүүдө. Канча кишинин убалына калып жатышат. Качан ушундай көрүнүштөр жоюлат бизде? - деп суроо салган автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.