Жапалак айылында таза суу чыкпай, арыктан суу ичишүүдө
Новость

ЖАПАЛАК: АРЫКТАН СУУ ИЧИШҮҮДӨ

"Элдик репортер" рубрикасына Ош облусунун аймактарынан суу маселеси боюнча көп билдирүүлөр келип түшүүдө. Ош облусуна караштуу Жапалак айылынын Каипов Мирбек аттуу тургуну дал ушул суу маселеси боюнча кайрылган. 

Анын айтымында, Жапалак айылында суткасына бир эле сааттан суу берчү, саат 6 дан 7 чейин. Ал эми азыркы убакта 10 күндөн бери суу келбей, жашоочулар арыктан суу ичип жатабыз. Негизи эле 10 жылдан бери суу тартыш болуп келүүдө. "Ош шаардык суу каналдан" өзүнчө бөлүнүп Акмөңгү деген сууга айына киши башына 20 сомдо төлөйбүз. Бүгүн чалып кайрылсак 1 айдан кийин суу чыгат деп жооп беришти. 21 кылымда мына минтип арыктан суу ичип жатабыз деген, - окурман.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.