Донецк көчөсүндө иштеп жаткан оюн клубу
Новость

САЗГА ТАРТКАН КУМАР ОЮНДАРЫ

Өлкөбүздө мыйзам чегинде кумар оюндарына тыюу салынган. Бирок ага карабай өлкө аймагында оюн клубтары жашыруун ишмердүүлүгүн жүргүзүп келишет. "Элдик репортер" рубрикасына Эрмек аттуу шаар тургуну видео тартып жөнөткөн. Тасмада көрүп тургандай, бул оюн клубу Бишкек шаарындагы Донецк көчөсүндө жайгашкан. 

Автордун айтымында, бул оюн клубу 24 саат иштейт. Булар дагы деле жабыла элекби? Ким көзөмөлдөйт? - деп суроо салган.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.