Майыптардын укуктары жөнүндө БУУ Конвенциясынын жоболорун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү. Буйрукка Премьер-министр Мухаметкалый Абылгазиев кол койду.
Топко курамына министрлик , ведомстволордун жетекчилери жана кызматкерлери, эл аралык уюмдардын, ошондой эле жарандык сектордун өкүлдөрү кирди.
Жумушчу топко 2019-жылдын 1-июлуна чейин – Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясынын жоболорун ишке ашыруу боюнча 2019-2022-жылдарга карата биринчи кезектеги чаралар Планынын долбоорун ошондой эле 2019-жылдын 20-августуна чейин «Жеткиликтүү өлкө» Программасынын долбоорун иштеп чыгуу милдети жүктөлдү.