Жылгын айылынын жасалган жолу бир жылга жетпей талкаланып жатат
Новость

Аксы районунун Жылгын айылынын жолу жасалып бүткөнүнө бир жыл боло элек жатып, талкаланып баштаганына нааразы болгон автор билдирүү жиберген. Анын айтымында,

Бул Сары-Челекке бара жаткан жол Жылгын айылынын кире бериши. Жолдун жасалып бүткөнүнө 8 ай болду, талкаланып бүттү. Жол куруучулар асфальтты кесип, шагыл менен толтуруп коюшкан. Бул айыл таштак жолдо жүрүп, эми эле асфальт жолго жетишкен. Мына минтип куруп берген жолу, 1 жылга жетпей талкаланып жатат. 5 км жол жараксыз. Ак-Суу районунун жол курулуш ишканасы курган жол,- деген автор тиешелүү тараптан жардам сурап, "Элдик репортер" рубрикасына кайрылган.Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.