Бүтүрүү кечелерине карата милиция күчөтүлгөн тартипке өтөт
Новость www

POST1RIGHT 25-26-майда  Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери  күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт. 

Бул күндөрү  600дөн ашык милиционер  мектептердеги  акыркы коңгуроо салтанатынын жүрүшүн баштан аяк көзөмөлдөп, коомдук коопсуздукту камсыздайт. Ошондой эле соода жана оюн-зоок борборлору, коомдук жайлар көзөмөлгө алынат.   

Билим берүү жана илим министрлиги бүтүрүүчүлөргө акыркы коңгуроо салтанатын шан-шөөкөт менен өткөрүүгө тыюу салган.

 "Биринчи радио"