Жумгал районунун Чаек айылындагы Калык Акиев көчөсүнүн жашоочулары "Элдик репортер" рубрикасына кайрылуу жөнөтүштү.
"Сиздерге кайрулуунун себеби, бизде таза суу жок, саздын суусунан ичип жатабыз. Балдарыбызга кайнатып бергенге аракет кылабыз, айрым учурларда чийки суу да ичип жиберишет. Балдарыбыз ооруп жатышат, айла жок эмне кыларыбызды билбейбиз, бизге жардам берген киши жок. Сиздер аркылуу кайрылууну чечтик, жардамыныздар тийет деген үмүттөбүз",- дешет Чаектин Калык Акиев көчөсүнүн жашоочулары.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.