POST1RIGHT Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин жаңы маалыматтык күн тартибин түзүүдө жалпыга маалымдоо каражаттары катализатор боло алат.
Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-майда, Шанхай кызматташтык уюмундагы өлкөлөрдүн Медиа форумунун ачылышында билдирди. Мамлекет башчы өлкө бийлигинин маалымат каражаттары үчүн ачык экенин баса белгиледи.
"Бизде мамлекеттик да, көз карандысыз да ЖМКлардын күчтүү институту түзүлдү. Биздин өлкөдө прессага мамиле өзгөчө – ага ишенишет жана ага кулак салышат. Анткени сөз эркиндиги жана журналисттин позициясынын көз карандысыздыгы – биздин коомдун көптөн бери кармаган салты болуп калган. Жарандар жана мамлекеттик бийликтин ортосундагы диалогдун ортомчусу болуп саналат. Бизде журналисттердин аркасы менен бардык кабыл алынуучу чечимдер коомчулукка дароо маалым болуп турат. Эртели-кеч өлкөдө болуп жаткандын баарын адамдар ЖМКлар аркылуу билип турушат. Ошондуктан бизде ЖМК үчүн жабык тема жок десек болот. Кыргызстан – бул ачык коом" - деп белгиледи Президент.