Балыкчы: төрөт үйүндө кыйналган эне, иш үстүндө жок медайым
Новость

POST1RIGHT

Түнкү саат 01.00. Ысык-Көл облусундагы Балыкчы шаарындык төрөт үйүнүн гинекология бөлүмүнүндө, иш үстүндө бир да медайым жок деп, нааразы болгон бейтап "Элдик репортер" рубрикасына билдирүү жиберген.

Саат 6.30да бир келин келген, абалы өтө эле оор болчу, дарыгерлер эч нерсе кыла албайбыз деп жаткырып коюшкан. Азыр саат түнкү 1.00 болду, боюнан түшүп атат, жардам бере турган, бул айымды карай турган бир дагы медайым жок. Келин абдан кыйналып жатат. Медайымдын аты Жыпара. Мындай кайдыгер мамиле жасаган дарыгерлерге мамлекет бир чара көрсө жакшы болот эле, -деген автор.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.