Кербен шаары: каналга толгон сел, коркунуч жаратууда
Новость

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кербен шаарындагы Осмоналиев-Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишинде каналга сел толуп калган. Жамгыр каттуу жааса, бул каналдан ашып, сел бүттүндөй айылды каптоо коркунучунда турат. 

Эмне үчүн Кербен шаарынын мэри, ӨКМ алдын алуу иштерин жүргүзүшпөйт. Же булар качан гана сел жүрүп, кырсык болгондо гана иштеп башташабы?

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.