Нарын шаарындагы кароосуз калган "Smart Park" паркы
Новость

Нарын шаарында 2016-жылы Сейитаалы Жакыпов атындагы парктын ордуна жаңы эс алуучу жай "Smart Park" паркы пайдаланууга берилген. Бул эс алуучу жай Ага Хан фонду тарабынан каржыланып салынган. Парктын курулушуна жалпы 1 миллион доллар сарпталганы маалымдалган. Автодун айтымында,

Бир жыл Ага Хан фондунун карамагында болуп, андан кийин Нарын облусуна өткөрүлүп берилген. Андан бери 2 жыл өттү. Азыркы абалы өтө начар. Кароосуз калганына байланыштуу бул кейипке түшүп калган. Селкинчектери сынып, төшөлгөн жерлер тешилген, көзөмөлдөгөн эч ким жок. Бекер салынып берилген нерсени карай албайбыз.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.