КТРКнын “Элдик репортёр” рубрикасы аркылуу өзү жашаган аймактагы көйгөйлөр менен бөлүшкөн жарандардын саны артууда. Өзгөн шаарынын санитардык абалына зээни кейиген тургун видеотасмасы менен бөлүшкөн. Эске салсак, аталган шаардагы баш-аламан соода түйүнү, андагы абал туурасында аталган рубрикага байма-бай кайрылуулар келип турат.
Түшүнүктүү болуш үчүн айта кетели, аталган жай “Өзгөн-Тазалык” менен ”Өзгөн-Таза-суу ”ишканаларынын гаражы экен. Аянты 50 чакырымдай. Короодо мындан сырткары, мөмө-жемиштерди дүңүнөн сатуучу базар да жайгашкан. Демек, таштанды ушул базардан чыгарылат.
Ал эми сатуучулар, таштандысын кайда таштайм деп да баш оорутпайт, туш-келди жерге топтой беришет экен.
50-60тай соода оруну бар. Ар бир орунга күнүнө 50 сомдон жыйналат. Кароолуна өзүнчө. Күнүнө кеминде миң сомдой жыйналат экен.
Ишкананын жетекчисин жумушта жок дешти. Мекемеде 4 миң жер там жана 19 миң кардар каттоодо турат. Таштанды үчүн, жер тамда жашагандарга киши башына 16 сом, көп кабаттуу үйдүн жашоочулары 14 сомдон акы каралган.
Негизи эле, Өзгөн базарындагы санитардык абал, андагы баш-аламан соода орундары туурасында байма-бай нааразычылыктар айтылып келет. Өрт коопсуздугуна жооп бербеген базар туурасында биздин каналдан да бир нече материалдар көрсөтүлгөн. Сын-пикирден кийин гана бир аз тазаламыш болуп койгону болбосо, шаардык мэрия мындай абалга көрсө да көрмөксөн, укса да укмаксан. Ал эми, базар Бишкек - Ош - Баткен унаа жолунда жайгашкан. Мындан күнүнө ондогон туристтер өтөт. 1,5 жылдай башчысы жок турган калаага 17-апрелде жаңы мэр шайланган.