Ат-Башы: Кара-Суудагы оңдоо иштери бүтпөгөн көпүрө
Новость

Ат-Башы районунун Кара-Суу айылынын чоң көчөлөрүнүн бири Дөөткул көчөсү. Бул айылдын ортосунан кесип өткөн арыкты, айыл тургундары "Ортоңку арык" деп атап коюшат. Ортоңку арыктын көпүрөсүнө былтыр бюджеттен акча каралып, жазында оңдоо иштери жүрмөк. Бирок ошол бойдон турганына, жергиликтүү тургундар нааразы болууда. Кара-Суу айылдык кеңешинин төрагасы Жаныбек Иманкулов "Элдик репортер" рубрикасына кайрылган.

Суу өтпөй калганына байланыштуу айыл өкмөтү казып алып таштаган. Тургундар нааразычылык акциясын өткөргөнбүз. Айыл өкмөтү иштебейт деп. Ошондо айыл өкмөтү мен кетсем көпүрөлөр салынбай калат, мен ошол иштерди бүтүрүшүм керек деп айтты эле. Андан кийин 1 жыл өтсө дагы иш жүрбөстөн, мынтип айылдын узун көчөсүндө байланыш үзүлүп жатат.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.