Жаркынбаев айылы: тоонун боорун казып, жолго кум-шагыл төкөндөр ким?
Новость

POST1RIGHT

Ысык-Көл районундагы Жаркынбаев айылында Кароол-Дөбө деген айылга кетчүү жол жасалууда. Жол жасалганы жакшы, айыл тургундар кубанып жатат. Бирок жолго төгүлгө кум-шагылдар тоодон казылып алынууда. Айыл өкмөтү уруксат бергенби билбейбиз. Өз билимдик кылып, Ананьеванын ДЭУсу тоонун боорун казып кум-шагыл алууда.  Бул кылган иштери туура эмес. Экологияга канча зыян келтиришүүдө. Эколия министри караш керек эле, бирок бир да жолу басып келген жок. Кум-шагылдар кайдан келип жатканын кызыгып сураган да жок,- деп ачуулаган айыл тургуну Исмаилов Арзымат, "Элдик репортер" рубрикасына видео жөнөткөн. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.