Сокулук: жолубуз качан оңолот?
Новость

POST1RIGHT

Сокулук районунун акимиатты жолубузду оңдоп маршрутка жүрдүрүп берсе, -деп суранган тургундар "Элдик репортерго" мурун да билдирүү жиберген.  Жолдун азабынан кышы-жазы жөө басабыз. Бул жолдун бир бетти Авакан деп аталат Бишкекке карайт, бир жагы Баетов Сокулукка карайт. №185-192 маршруттар жүргөн 2-3 жыл мурун жүргөн. Мына минтип жол бузулгандан кийин, аларда каттабай койду. Жолдун алыстыгынан бул жактын тургундары кыйналууда. 3 аялдамадай жөө басып барабыз. Өкмөт башчыдан ушул маселени чечип беришин суранабыз.-деген автор видеосу менен бөлүшкөн.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.