Киров айылындагы урап калуу коркунучунда турган мектеп
Новость

POST1RIGHT

Ош облусунун Өзгөн районунун  Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Киров айылындагы Кысык-Алма атындагы №86 орто мектеп, абдан кейиштүү абалда. Эскилиги жеткен бул мектептин дубалдары урап калуу коркунучунда  турат. Жаан жааганда чатырынан суу тамчылайт. Полдору чирип, эшик, терезелери жарактан чыгып калган мектептин абалы чындыгында зээнди кейитет. Ушул кезге чейин бир дагы жолу оңдоо иши жүргүзүлгөн эмес.

Жаңы мектептин курулушу башталган, мындан 8 жыл мурун, бирок азыркы күнгө чейин бүттө элек. Ушул маселени чечип берип койсоңуздар, - деп кайрылган автор.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.