POST1RIGHT
Видеодо көрүп тургандай, Сокулук районунун Романовка айылында мал жайылуучу жерди белгисиз адамдар казып, жайытты тосууга аракет кылышууда. Бул нерсеге жергиликтүү тургундар нааразы болууда.
Белгисиз адамдар бул жерди тосуп алып, жайылып жүргөн малды киргизбөө аракетин көрүшүүдө. Мынтип булардын мыйзамсыз кылып жаткан иши туура эмес.Тиешелүү тармактан жардам сурайбыз,- деген тургундар "Элдик репортер" рубрикасына кайрылган.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.