POST1RIGHT
Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Сосновка айылынын борбордук көчөсүндө мындан 3 жыл мурун суу түтүгү жарылган. Мына минтип азыркы күнгө чейин оңдолбой турат. Ташыган суу көчөнү каптайт.
Негизи эле бул айылга суу жетишпейт, ал эми бул жакта жарылган түтүктөн суу 3 жылдан бери шаркырап агып жатат. Айыл өкмөтү көңүл буруп деле койбойт,- деген автор видео тартып жөнөткөн.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.