POST1RIGHT
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу №34 "Чолпон" бала бакчасынын жетекчисине нааразы болгон автор, "Элдик репортерго" кайрылган. Анын айтымында, "Чолпон" бала бакчасынын жетекчиси бала бакчанын кире беришин цементтеген, ага ар бир баладан 350 сомдон алган. Мектепке бара турган балдардан фонтко, шейшепке деп 500 сом акча талап кылууда. Өкмөттөн бөлүнгөн каражат кайда кетип жатканы белгисиз. Билим берүү тармагы бул нерсеге көзөмөл кылса жакшы болмок, - деген окурман.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.