POST1RIGHT
Ат-Башы районунун Бирлик айылынын жолу союз учурдан бери оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Бул айылдын жол маселеси көп жылдан бери чечилбей келет.
Жолдун абалы абдан эле начар. Айдоочулар бузулган унааларын оңдой берип тажашты. Унаалар өткөнгө мүмкүн болбой калды. Эл чындыгында кыйналды. Өкмөтүбүз каражат бөлүп берсе жакшы болот эле, -деген автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.