POST1RIGHT
Нарын облусунун Соң-Көл жана Каратал-Жапырык жайлоосуна кетчүү жол. Видеодо көрүп тургандай, жолду жолчулар оңдоп кеткенден кийинки абалы ушул. Бул нерсеге жергиликтүү тургундар таң калбайт деле, себеби жолчулар жолду жыл сайын ушундай кылып оңдоп кетишет. Автордун айтымында,
Жолчулар кара топурактан алып, жолго чөп аралаш кылып төгүп кетишет. Анан мынтип жолубуздан чөп өсөт. Жамгыр жааганда эзилип, баткакка айланат, ал эми мындай күн ысыкта сапырылып чаң болот. Бир эле жолу жамгыр жааганда, жол оюлуп калат да, кайра баягы кейпин кийет. Мынтип оңдогондон көрө, оңдобой эле койгону жакшы акча кетирбей. Мамлекеттен бөлүнгөн каражатты туура пайдаланышса, -деген Жерге-Тал айылынын тургуну "Элдик репортерго" кайрылган.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.