Тамтыгы чыккан Ак-Муз айылынын жолу качан оңолот?
Новость

POST1RIGHT

"Элдик репортер" рубрикасына соңку учурларда Ат-Башы районунун жол маселеси боюнча билдирүүлөр көп келүүдө. Видеодо көрүп тургандай, чындыгында Ат-Башы - Ак-Муз каттамындагы жол өтө кейиштүү абалда. Бул жол менен бир жолу жүргөн адам, экинчи кайрылып келгиси келбейт. Жергиликтүү тургундар айла жоктон бул жол менен жүргөнгө аргасыз. 

Аймактарды өнүктүрүү жылында биздин районду катаал шартта жайгашкан экендигин эске алып, кийинки жылдары оңдоо иштерин планга киргизип беришсе жакшы болоор эле. Анткени убактылуу оңдоп-түздөө иштери жыйынтык бербей калды. Сүзүлгөндөн көп убакыт өтпөй, кайра эле аң-чөнөк пайда болуп, каттаган жергиликтүү жашоочуларга ыңгайсыздык жаратат. "Жолу оңолбогондун - иши оңолбойт" - дешет эмеспи. Жолубуз оңолуп калса деп көптөн бери кыялданып келебиз,-деген билдирүүсү менен бөлүшкөн Ак-Муз айылынын тургуну.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.