POST1RIGHT
Ош облусунун Өзгөн районунун Салам-Алик айылындагы өспүрүмдөрдүн "Салам-Алик" эс алуучу жайынын бүгүнкү күндөгү абалы өтө кейиштүү. Бул эс алуучу жай, убагында союздун "Артек" балдар лагеринен кем калбаган лагерлердин бири болуп иштөөчү. Видеодо көрүп тургандай, имараттардын курулуш материалдары, короосуз калгандыктан жергиликтүү тургундар тарабынан таланып тонолуп кеткен.
Азыр бул лагер айыл өкмөтүнүн балансасында турат. Лагердин жок дегенде имараттарын балдар ойноочу жайларын, ашканасын, материалдык техникалык баалуулуктарын сактап калса болмок. Бул айыл өкмөтүнүн кайдыгер карагандыгы деп эсептеймин. Лагерге жок дегенде имараттарды карап туруу үчүн кароол дайындап койбогондугу өтө өкүнүчтүү. Эгер айыл өкмөтү өзү иштете албаса инвестиция тартып, ишкерлерге арендага берсе деле айыл өкмөтүнүн бюджетине киреше болмок. Ошондуктан калган баалулуктарын деле кечиктирбей көздүн карегиндей сактап калсак жакшы эле болмок. Ажобуздун аймактарды өнүктүрүү жылы деген жарыясына ылайык, ушул лагерди иштетүү менен аймакты өнүктүрсөк деле болмок. Өзгөн району эң жаратылышы кооз жерде жайгашса да кароосуз калганы, көргөн адамды өкүндүрөт,- деп Салам-Алик айылынын тургуну билдирүү жиберген.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.