POST1RIGHT
Бишкек шаарындагы Ленин райондук калкты тейлөө борборунда кезек күтүп, 3 күндөн бери убара тарткан автор, "Элдик репортерго" билдирүү калтырган. Анын айтымында, Бул жерге эртең менен кезек күтүп калбайын деп таңкы 5.30 келгем, дагы деле кезекке тургандардын саны көп, саат 9.00 чейин адамдардын саны 100 чейин барат. Күнүнө 40-50га жакын адамды кабыл алышат, андан ары толон жок деп жооп кайтарышат. Ушуну көзөмөлдөп, кызматкерлердин санын көбөйтсө жакшы болот эле. Канчалаган адамдар жумушунан калып жатат.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.