POST1RIGHT
Ысык-Көл облусунунТүп районуна караштуу Ысык-Көл айылында суу жок. Суу түтүктөрү союз учурунда жасалып, андан бери бир да жолу оңдолгон эмес. 20 жылдан бери кудуктан суу ичип келишет. Видео менен бөлүшкөн автордун айтымында, Бул маселени чечүү үчүн бюджеттен 24 млн. сом каралып, тендерден "Каганат Строй" курулуш компаниясы утуп алган. 2017-жылы курулуш компания айыл ичине жаңы суу түтүктөрүн орнотуп чыккан. 2018-жылы белгисиз себептерден, курулуш иштерин "Жыргалаң курулуш" ишканасына өткөрүп берген. Бул ишкана скважинаны 100 метр казып, насос куруп, ишке киргизип бермек. Бирок алар да ишин аягына чыгарбастан кетип калышты,- деген автор бул маселени бийлик өкүлдөрү чечип беришин суранып өттү.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.