"Ата-Түрк" паркын каптаган кара түтүн
Новость

POST1RIGHT

Бишкек шаарындагы "Ата-Түрк" балдар эс алуучу паркынын так ортосунда кафе бар. Бул кафеде спирт ичимдиктери ичилет, шашылык жасашат, анын түтүнү бүт паркты каптайт. Бул туура эмесго, балдар ойногон жерде мындай болбош керек элего. Канча жолу мэрияга кайрылдык, эч бир жыйынтык жок. Элдер эс алганы келеби же түтүн жыттаганыбы,- деп ачууланган автор "Элдик репортер" рубрикасына кайрылган.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.