Токтогул районунун Токтогул шаарынын тургуну дарыканадан алган кебездин сапатына нааразы. Себеби, тазаланган кебез менен тазаланбаган кебездин айырмасы жок. Ошондой эле, дайыма сатып алып жүргөн дарысынын баасы ар башка дарыканада ар кандай баада сатылып жатканын көрсөтүп, Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылуу калтырган.
"Саламаттыкты сактоо министрлиги дары-дармектерди, дарыканаларды карайбы, текшереби? Эмне үчүн дарынын баалары ар башка?",- дейт Токтогул шаарынын тургуну.