Москвалыктар күндүн ысыгы 30 градуска жетип жатат. Синоптиктер май айын үчүн бул өтө эле ысык экенин айтууда. Москвада +30 градус. Синоптиктердин айтуусунда, мындай аба ырайы бул мезгил үчүн өтө ысык. Бирок көптөгөн москвалыктар ысыктан сактануу үчүн үйдө отуруп эмес, көчөгө чыгып, таза абада дем алууну эп көрүшүүдө. Кызыл аянтта жана анын айланасында да эл көп.
Москвада мындай ысык дагы бир жумага созулаары болжолдонууда. Синоптиктер алдыда ара чолодо күндүн күркүрөп, бир аз жаан жаашы ыктымалдыгын айтууда. Коргоочулар элге физикалык кыймылды азайтууну жана аптапта унаада жүрбөөнү кеңеш кылууда.