Балдарды коргоо күнүнө карата балдарга белектер тапшырылды
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

Аламүдүн районундагы ата-энесинен ажыраган жана аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү балдарга белектер берилди. “Манас” аэропортунун колдоосу менен өткөрүлгөн иш-чара 1-июнь - балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата уюштурулду. Жайкы кийимдер, китеп, азык-түлүк жана таттуу белектер таратылды. Ошондой эле концерт, оюн-зоок өткөрүлдү.

“Биздин райондо 37 мектеп бар. Анда окуган 177 жетим бала жана аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарына “Манас” аэропорту 10 жылдан бери жардам берип келет”,- деди Аламүдүн районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Динара Шеркулова.