POST1RIGHT
Нарын облусунун Ат-Башы районунун Таш-Рабат Кербен сарайында туристтик сезон башталды. Кара-Суунун тургуну билдиргендей, Таш-Рабат Кербен сарайында азыркы учурда туристер келишүүдө, бирок экологиялык талаптар канаттандырардык болбой жатканын белгилеп "Элдик репортер" рубрикасына билдирүү жиберген.
Бул жакта дааратканалардын абалы начар. Айыл өкмөтү койгон дааратканага киши киргиз болуп калган. Дааркананын жарымы жок, эшиктери сынып жок болгон. Таштанды төгүүчү жайында башаламан. Даараткана салып коюшса жакшы болмок эле туристтерге. Жылына 200 миңден ашык акча түшүп турат, ошол акчадан каражат бөлүп беришсе деле болмок. Мындай шартты жок жерге туристтер келбей калышы мүмкүн,- деген автор билдирүү жиберген.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.