Кулуев менен Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол тыгыны качан чечилет?
Новость

POST1RIGHT

Бишкек шаарындагы Кулуев менен Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде жол тыгын маселеси курч. Бул жол менен Ак-Өргө Ак-Ордо конунушун тургундары да каттайт. Эртең менен жана час-пик учурунда жол тыгын көп болот. Жол тыгында калган адамдар, жумуштарынан, окууларынан калып жатышат. Ушул жерге жол чырактардын жанына камера орнотуп беришсе, балким кичине болсо да жол тыгын азайып калар беле,- деген сунушун киргизген шаар тургуну.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.