Каракол: кара түтүн жутуп жашаган тургундар
Новость

POST1RIGHT

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы сүт заводдунан чыккан кара түтүн шаарды каптап, экологияны бузуп жатат. Видеосу менен бөлүшкөн автор айтымында, Бул сүт заводдон күндө кечкисин кара түтүн чыгат. Жайы-кышы ушундай абал. Элди деле ойлош керек да. Ушул кара түтүн менен дем алып жатабыз. Ден соолукка кандай терс таасирин тийгизип жатат. Дем алганга мүмкүн болбой калды. Эмне жагышат булар билбейбиз. Фильтр коюшабы же иштерин токтотушабы? Ушул маселени чечип беришиңиздерди суранабыз, - деп кайрылган автор.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.