POST1RIGHT
Ош шаарынын Джим көчөсүндө белгисиз себептерден, өз билемдик кылып, электр энергиясын тез-тезден өчүрүп турушат. Билдирүү менен бөлүшкөн автордун айтымында, Канчадан бери ушул маселебиз чечилбей койду. Күнүгө электр энергиясын белгисиз мөөнөткө чейин өчүрө беришет. Кышкысын айрым убактарда күн бою жарыксыз отурууга туура келет. Өз билемдик кылып эле, каалаган учурда өчүрүп коюшат. Эмне болду деп тийиштүү мекемелерге чалып сурагам мурун, авариялык себептерден улам деп жооп берген. Күнүгө эле авария боло бермек беле эмне,- деп ачууланган автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.