POST1RIGHT
Видеодо көрүп тургандай, Нарын облусунун Кочкор районунун Ормон-Хан айылынын жолунун абалы ушундай.
Акимибиз 1-июнга чейин асфальт төшөлүп, жолдун иштери бүтөт деп убада берген. Жолго кум-шагыл төгүлгөн бойдон турат, унаалардын дөңгөлөктөрү жарылып, жолду чаң басып жатат. Районго айла жоктон бул жол менен барып жатабыз, -деген автор "Элдик репортер" рубрикасына билдирүү калтырган.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.