POST1RIGHT Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуевди кабыл алды.
Жолугушууда министрликтин учурдагы ишмердүүлүгү, агрардык тармакты өнүктүрүү келечеги, ошондой эле айыл чарба чөйрөсүндө атамекендик илимий институттар менен кызматташуу маселелери талкууланды.
Өкмөт башчы Эркинбек Чодуевге Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен айыл чарбасынын артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын даярдоону тапшырды.