Окумуштуулар: көп жашоо үчүн көп басыш керек
Новость www

POST1RIGHT Гарварддагы  медицина окуу жайынын  окумуштуулары ден соолукту чыңдап, өлүмдү азайтуу үчүн күнүнө 7,5 миң кадам жасоо керек экенин аныкташкан. 

Иликтөөнүн жыйынтыгы The New York Post гезитине жарыяланды.   Анда адистер 4 жыл катары менен  62 ден 101 чейинки курактагы 16 миң аялдын жашоосун изилдешкен. 

Бул  учурда аялдарга кадамын жана кыймылдаган ылдамдыгын санаган трекер таратышкан. Жыйынтыгында  2 миңдин тегерегинде кадам жасаган аялдар өлүмгө дуушар болушкан. Ал эми 4 миң кадамдан ашык  баскандардын көрсөткүчү  алда канча жакшы  экени аныкталган.