Дарыканалардагы дарылардын баасы бирдей болбой жатат. Маселен, кургак учук, сарык, ВИЧ же адамдын иммундук жетишсиздигинин вирусу жана онкологиялык ооруларга каршы дарылардын баасы ар бир дарыканада ар башка. Бул тууралуу, “Өнөктөштүк тармак” уюмунун жетекчиси Айбар Султангазиев, мамлекеттик кепилдик программасы аркылуу сатылып алынган дарылардын саясатын талкуулаган жыйында билдирди.
Кыргызстанда акыркы жылдары - ВИЧ жана сарыктын “С” түрү менен ооругандардын саны көбөйүүдө. Ошондой эле, онкологиялык оору менен жылына 3 миң адам жабыркайт, ошол эле учурда органдарын алмаштырган адамдар да көбөйдү дейт отурум катышуучулары.
Буга байланыштуу, бул дартка каршы дарылар да өтө керек. Бирок баалар баш аламан. Дарыгерлер монополияга каршы агенттигине дарылардын тизмеси жөнөтмөй болду. Тиешелүү агенттик болсо дарылардын баасын көзөмөлдөшү керек.