POST1RIGHT
Бишкек шаарындагы Панфилов-Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде электр түркүгүн унаа сүзүп, авариялык абалда турат. Автордун айтымында, Кулап калуу коркунучунда турат, мынтип турганына 1 ай болду. Мунун жанында эле мектеп, бала бакча жайгашкан. Унаалар тынымсыз өтөт. Кокус кулап кетсе эмне болот? Мэрия ушуга көңүл буруп, оңдоп койсо,-деп билдирүү калтырган.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.