Нарын: жаан жааганда көлчүккө баткан Таалай көчөсү
Новость

POST1RIGHT

Нарын шаарынын Таалай көчөсүндө жаан жааганда көлчүк пайда болот. Жергиликтүү тургундар бир канча жолу мэрияга кайрылышкан, бирок жыйынтык чыкпай келгенине нааразы болуп "Элдик репортерго" билдирүү жиберишкен. 

Таалай көчөсүнүн тургундары ушинтип жаан жааганда түйшүк тартабыз. Суулар үйгө чейин кирет. Адам баласы басканга кургак жер жок. Унаалар араң өтөт. Жаан жааганда көлчүк 2 жумалап турат кургабай. 3 жолу бардык мэрияга арыз менен, бир да жолу басып келген жок. Наарын шаарынын борбордук көчөсүнө жанаша эле жайгашкан көчө. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.