Бишкек: Саадаев көчөсүндө жарылган суу түтүгү көчөнү каптап жатат
Новость

POST1RIGHT

Бишкек шаарындагы Саадаев көчөсүндө Ак-Босого конушуна кирип бараткан жолдо суу түтүкчөсү жарылып, суу тротуардын түбүнөн чыгып жатат. Мынтип агып жатканына 3 күн болду. Суудан асфальт 3 күндүн ичинде оюлуп, тешилип калды. Бүт көчөнү каптап, үйлөргө чейин кирип жатат. "Бишкек суу канал" ишканасынан кызматкерлер келип, текшерип эле оңдобостон кетип калышты. Ушуну келип оңдоп кетишсе жакшы болмок, - деген автор, видеосу менен бөлүшкөн.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.