POST1RIGHT 12-15-июнда Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкекте өтүүчү саммитине катышуучу делегациялардын коопсуздугун Ички иштер министрлигинин 5 миңден ашык кызматкери камсыздайт. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев маалымат жыйында билдирди. Бул күндөрү Бишкек гарнизонунун өздүк курамы күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөгө өтөт. Ошондой эле борбор шаардын көчөлөрүнө убактылуу чектөө киргизилип, маал-маалы менен жабылып турат.