ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Бишкектеги Саммитин 500дөн ашуун чет элдик жана жергиликтүү журналисттер чагылдырууда.
Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин Бишкек шаарында өтө турган жыйынын чагылдыруу үчүн 500дөн ашуун чет элдик жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү аккредитацияланды.
Бүгүн, 14-июнда «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп жатат.
Мисалы, Индиянын, Казакстандын, Кытайдын, Пакистандын, Россиянын, Тажикстандын, Өзбекстандын, Ооганстандын, Белоруссиянын, Ирандын, Монголиянын жана Япониянын 115 жалпыга маалымдоо каражаттарынан 443 чет элдик журналисттер иш-чараларды чагылдыруу үчүн аккредитациядан өтүштү. Ошондой эле, Кыргызстандын 32 жалпыга маалымдоо каражаттарынын 94 өкүлү аккредитациядан өтүштү.
ЖМК өкүлдөрү үчүн басма сөз борбору «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясынын “Энесай” конок Үйүндө жайгашкан. Жыйындын жүрүшүн Коомдук телерадиокорпорациянын “Ала-Тоо 24” телеканалы түз эфирден көрсөтөт. Түз эфирге аккредитациядан өткөн чет элдик жана жергиликтүү негизги телеканалдар кошулушат.
Эске салсак, ШКУга 8 мамлекет мүчө болуп эсептелет: Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан. 4 өлкө байкоочу макамына ээ, алар: Ооганстан, Белоруссия, Иран жана Монголия.